Акыркы жылдардагы дүйнөдөгү болуп жаткан тарыхый, маданий өзгөрүүлөр, технологиялык жетишкендиктер жалпы илимий процесске, анын ичинде филология багытындагы изилдөө иштерине да өз таасирин тийгизүүдө. Бул тармакта эмгектенген окумуштуулар арасында ага чейинки илимий табылгаларды, чекит коюлду делген айрым илимий маселелерди, калыптанып калган же адатка айланган изилдөө ыкмаларын кайрадан сын көз менен карап, изилдөө объектилерин башка жаңы өңүттөрдөн колго алуу аракеттери байкала баштады. Мындай ...